Кегетиде 6 жаштагы баланы издөө иштери аяктады

Кегетиде 6 жаштагы баланы издөө иштери аяктады


2

Чүй облусунун Кегети дарыясына 23-июнда агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 26-июнда табылды.

ӨКМ билдиргендей, маркумдун сөөгү кырсык болгон жерден болжол менен 2–3 чакырым төмөн жактан, издөө иштерине көмөктөшүп жүргөн жарандар тарабынан табылган. Өздүгү жакындары тарабынан такталып, андан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу издөө-куткаруу иштери расмий түрдө жыйынтыкталды. Издөө иштерине ӨКМ кызматкерлеринен тышкары Казакстан менен Россиядан келген ыктыярчылар да катышкан.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *