Бишкектик самбочулар Азия жана Океания чемпионатында 4 медаль жеңди

Бишкектик самбочулар Азия жана Океания чемпионатында 4 медаль жеңди


6

2026-жылдын 17-19-май күндөрү Актау (Казахстан Республикасы) шаарында кадеттер арасында спорттук самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 11 өлкөнүн спортчулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын курама командасынын спортчулары жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.

* Бошмоюнов Абдурахим (2012 ж.т., салмак категориясы 46 кг) — 2 орун;

* Байбосунов Нурлан (2010 ж.т., салмак категориясы 53 кг) — 3 орун;

* Кылычбеков Даниель (2010 ж.т., салмак категориясы 64 кг) — 3 орун;

* Тыныбеков Темирлан (2010 ж.т., салмак категориясы 88 кг) — 2 орун.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *