«Асман Эйрлайнс»: Борттун ичиндеги абанын басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен

«Асман Эйрлайнс»: Борттун ичиндеги абанын басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен


23

Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек — Ош каттамындагы учакта жүргүнчүлөрдү түйшөлткөн кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Маалым болгондой, борттун ичиндеги абаны айдап, басымын жөндөп туруучу система иштеп кеткен.

«Система эмнеден улам иштеп кеткендигин, себептерин аныктай турган техникалык иликтөө башталды. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет», — деп билдирди «Асман Эйрлайнс».

Авиакомпания ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.

Эске салсак, Бишкектен Ошко учкан жүргүнчүлөр кычкылтек тартыш болуп, эс-учун жоготту деген окуя боюнча «Асман Эйрлайнс» компаниясы ички иликтөө баштап, учак азырынча каттамга чыкпай турганын билдирди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *