ӨКМ Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын тапшырды

ӨКМ Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын тапшырды


5

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине 9 тез жардам унаасын тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалым болгондой, унааларды тапшыруу аземине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана эки министрликтин өкүлдөрү катышты.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов бул жардам медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, калкка өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чоң өбөлгө болорун белгиледи.

Ал ошондой эле ӨКМ менен Саламаттык сактоо министрлигинин көп жылдык кызматташтыгы кырсыктарда жана өзгөчө кырдаалдарда миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берип келерин айтты.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *