Өлкөнүн мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды

Өлкөнүн мектептеринде мамлекеттик аттестация башталды


20

Бүгүн, 2-июндан тартып өлкө боюнча кесиптик лицейлерде жана мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, лицейлердеги аттестациянын өткөрүлүшү башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми жалпы билим берүү уюмдарында бүгүн 9-класстын бүтүрүүчүлөрү алгебра сабагы боюнча жазуу түрүндөгү тест тапшырышууда. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болсо эне тили жана адабияты сабагынан эссе жазышууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *