Өлкөдө онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда айдоочулук сабактарды онлайн форматта өткөрүү пландалууда.
Президенттин Иш башкармалыгынын санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбековдун айтымында, жаңы система сабакка келе албаган жарандарга — айрыкча балдары бар энелерге — жол кыймылынын эрежелерин алыстан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Онлайн окутуу бүгүн абдан актуалдуу болуп калды. Көптөгөн окуу жайлар бул ыкманы колдонуп, жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат», — деди Раимбеков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *