ЭМНЕ ҮЧҮН АЙДООЧУЛАРДЫ ОКУТУУ 14 АЙГА СОЗУЛАТ?

Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжановдун маалыматына ылайык айдоочуларды окутуу мөөнөтүнүн 14 айга созулушунун негизги себептери төмөнкүлөр:
1. Сапаттуу даярдык камсыздоо үчүн.
Программага теориялык жана практикалык сабактар тереңдетилип киргизилет, ар бир талапкер айдоочулук көндүмдөрдү толук өздөштүрүшү керек.
2. Айдоочулук этиканы үйрөтүү үчүн.
Жаңы программада өзүнчө айдоочулук этика сабагы каралган. Максат — жолдо агрессияны, жаңжалдарды, сөгүнүүнү азайтып, маданияттуу айдоо көндүмүн калыптандыруу.
3. Коопсуздукту жогорулатуу үчүн.
Финляндиянын үлгүсү колдонулган — бул өлкөдө сапаттуу окутуунун аркасында былтыр жол кырсыгынан бир да киши каза болгон эмес. Кыргызстан да ушундай натыйжага жетүүнү максат кылууда.
Кыскасы, 14 айлык окутуу – айдоочуларды жөн гана күбөлүк алуу үчүн эмес, жоопкерчиликтүү жана маданияттуу айдоочу болууга даярдоо үчүн киргизилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *