Кытайдын Сучжоу шаарында өткөн эл аралык форумда Кыргызстандын Энергетика министрлиги «States Technology Co., Limited» жана «Сан Энерджи Ко» компаниялары менен 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалым болгондой, бул келишимге Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестор катары «States Technology Co., Limited» президенти Лю Фернандо Оскар жана подрядчы катары «Сан Энерджи Ко» башкы директору Лью Ионгжие кол коюшту.
Станция Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагына курулат. Ал үчүн 669,3 гектар жер бөлүнгөн. Курулуш 2025-жылы башталып, 2027-жылы ишке кирет. Станциядан өндүрүлгөн электр энергияны «КУЭТ» сатып алат.
Ошондой эле Энергетика министрлиги POWERCHINA компаниясы менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол койду. Бул документ эл аралык инвесторлорду тартууга, долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга, электр тармагын изилдөөгө жана адистерди окутууга багытталган.
POWERCHINA — гидроэнергетика, электр энергиясы жана инфраструктураны куруу боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири.
