Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаңы курулган “Кара-Көл” гидроэлектростанциясынын расмий ачылыш аземине катышты.


ГЭС Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жеринде, Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан. Ишкана жалпы 18 МВт кубаттуулуктагы эки гидроагрегат менен жабдылган. Жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 104 млн кВт∙саат болуп, бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га кыскартууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле станция Кара-Көл жана Токтогул ГЭС каскадын электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Долбоор “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан 25 млн АКШ доллары көлөмүндөгү инвестициянын эсебинен ишке ашырылган. Гидроэлектростанция 15 жылдык пайдалануу мөөнөтүнөн кийин мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилет.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө “Кара-Көл” ГЭСинин ишке кириши Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам экенин белгилеп, бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого зор салым кошорун билдирди.
