Си Цзиньпин 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет

Баткен/15.01.26

2026-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Министр кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин он баллдык шкала менен 11 баллга баалады. 2024-2025-жылдары эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги көптөгөн байланыштар, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары ишке ашты.

«2025-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн абдан жемиштүү жана ийгиликтүү болду. 2026-жылы жигердүү кызматташтыктын уланышы күтүлүүдө, анткени биз Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүп жатабыз. Даярдык иштери башталып калды, жолугушуунун күн тартиби абдан мазмундуу болот»

, — деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

 

Жибек Абдуллабаева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *