Сүлүктүдө ири долбоор ишке ашты

Баткен/21.11.25
Бүгүн Сүлүктү шаарында Сабурова Увадат Бараковнанын урматына маданий борбор ачылды. 2018 — жылы Увадат Бараковна бул долбоорду жазып алып, аны ишке ашыруу үчүн барбаган жери, какпаган эшиги калбаган күндөрүн эскерген шаардын мэри Болот Абдыжапаров маркум эженин кеңири өмүр баянын, Сүлүктү эли үчүн жасаган эмгегин, башкаларга өрнөк болгон мекенчил сезимине кеңири токтолуп, кенчилердин атынан ыраазычылык айтты.
Сүлүктү шаарында ачылган бул чоң салтанатка Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышты. Элдин биримдигине, Увадат Бараковнаны урматтап, анын атын түбөлүккө калтыргандыгы үчүн шаардыктарга терең ыраазычылык билдирди.
Башкаларга өрнөк болгон Сүлүктүлүктөрдүн ынтымак ырашкерлиги, биримдикти бийик тутуп шаардын маданиятын, экономикасын көтөрүүдөгү демилгеси чын эле башкаларга өрнөк деп айтсак туура болчудай.
Мындай дегенибиз, Увадат Бараковна сүлүктүлүктөр жана Сүлүктү шаары үчүн бүт өмүрүн арнаган айым. 8 — жыл мурда жаштар үчүн, келечек үчүн деп жазган ири долбоору өмүрүнүн акыркы мезгилдериндеги аракети экендигин жана ага чейин дагы шаардын билим берүү, маданият тармагындагы жасап кеткен эмгектерин азыр дагы ар бир сүлүктүлүк сыймыктануу менен эскеришет. Андан да маанилүүсү, ушундай инсандарды унутта калтырбай атын атап, түбөлүккө калтырган шаардыктарга жана шаардын мэри Болот Абдыжапаровго “бали”- дейли.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *