Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү майдын алгачкы партиялары келди

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү майдын алгачкы партиялары келди


2

Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) алгачкы партиялары келе баштады. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Беларусиядан күйүүчү май жеткирүү боюнча Россия аркылуу транзиттик ташуу иштери жүрүп жатат. Бир нече вагон КММ Кыргызстанга келип түштү.

Ошондой эле Кыргызстан Казакстан менен күйүүчү май жеткирүү боюнча учурдагы келишимдердин алкагында сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Мындан тышкары, Кыргызстан Кытай менен КММ жеткирүүнүн көлөмдөрү боюнча макулдашууга жетишти. Бирок логистикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу жеткирүү көбүрөөк убакытты талап кылууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *