2030-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 48 чакан ГЭС куруу пландалууда

2030-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 48 чакан ГЭС куруу пландалууда


25

2030-жылдын аягына чейин Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 420,8 МВт түзгөн 48 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал 2021-жылдан бери республика боюнча жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке берилгенин маалымдады.

«Өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмү жылына 427 млн кВт саатты түзөт», — деди министр.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *