Соң-Көлдө жайытты унаа менен тебелеген айдоочу жоопкерчиликке тартылды (ВИДЕО)

Соң-Көлдө жайытты унаа менен тебелеген айдоочу жоопкерчиликке тартылды (ВИДЕО)


6

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармактарга жарыяланган видео боюнча текшерүү жүргүздү.

Анын жыйынтыгында жайытты унаа менен тебелеп, жаратылышка зыян келтирген окуя Соң-Көлдө болгону аныкталып, мыйзам бузган айдоочунун өздүгү такталды.

Аталган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик айып пул салынып, мындан ары мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик жарандарды экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *