Үй бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга кабылган жарандар үчүн күнү — түнү 5200 кыска номурлуу линия ишке кирди. Мезгилдин кайсы убактысы болбосун, Сизге кыска номурга кайрылсаңыз ыкчам жардам көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Аялдар комитети коомдук бирикмесинин маалыматына таянсак, бул кыска номерге чалуу менен ар бир жаран акысыз, анонимдуу жана купуя жардам ала алат.
Бул линияда зомбулук, кризистик кырдаалдар, жана психологиялык жардам көрсөтүү багытында атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор, консультанттар иштешет. Күн сайын 24 саат, жуманын 7 күнү өлкөнүн бардык аймагында мобилдүү операторлор аркылуу жеткиликтүү. Эгерде Сиз зомбулукка туш болсоңуз же мындай учурларга күбө болсоңуз сөзсүз 5200 номуруна чалыңыз. Сизге жардам көрсөтүлөт, Сизди угат жана туура чечимдер сунушталат.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылууда.
Аткаруучу уюм – Кыргыз Республикасынын аялдар комитети коомдук бирикмеси.
