Сапаттуу курулуш материалдары – газоблок чыгаруучу ири завод ишке кирди. Жалпы суммасы 12 млн. сомдук бул завод немис технологиясы менен курулуп, жабдыктары Кытайдан алынып келинген. Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылган бул заводдун келечеги кең. Эң башкысы жергиликтүү сырьё жетиштүү.
Кытайлык адистер жергиликтүү калкты заводдо иштөөгө үйрөтүп жатышат. Аталган райондун Булак – Башы айылына курулган ишкана түштүк өрөөнүн баалуу газоблоктор менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү.





