Баткен./04.12.25
Кадамжай районунун Кара-Жантак айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине район акими Б. Баяке уулу, анын орун басары М. Айтматов, Кадамжай шаарынын мэри А. Мурзажанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында жергиликтүү кенештин депутаты К. Рахманов үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна желмаян белекке тапшырды. Бул демилге дарыгерлердин калкка ыкчам чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Жаңыртылган имарат жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кара-Жантактагы саламаттык сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.





