Баткен облусу шайлоого даяр

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев облустун жетекчилеринен мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча маалымат алды.
Отурумга облустук, райондук жана шаардык штабдын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты. БШКнын Баткен районунун жана Баткен шаарынын өкүлү Алишер Колдошов акыркы даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Жетекчилик облус активине төмөнкү тапшырмаларды берди:
Район, шаар жетекчилерине материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү;
Шайлоо күнү санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө;
Шайлоо комиссияларын жайлар, автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылуу;
Коомдук тартипти сактоо;
Үгүт иштерине аралашпоо;
Аралыктан добуш берүү имараттарын интернет жана кошумча электр менен камсыздоо;
Шайлоо участкаларынын үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет байланышын камсыздоо.
Баткен облусунда 355 192 шайлоочу жана 220 шайлоо участкасы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *