Баткен/19.01.26
Баткен облусундагы Лейлек районунун Булак-Башы айылында “Мега Газаблок” өндүрүш ишканасы иштеп баштады.Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ишкана 2025-жылдын аягында Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылган.
Маалым болгондой заводдун курулушуна жеке ишкер тарабынан 18 млн доллар инвестиция салынган. Автоклав ыкмасы менен газоблок чыгаруучу ишкана күнүнө 1200 куб метрге чейин экологиялык таза курулуш материалын өндүрө алат. Учурда алгачкы продукциясы чыгарылууда.
Ишкананын ишке кириши аймакты курулуш материалы менен камсыздап, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт





