Сүлүктүдө эл аралык илимий конференция өттү

2025-жылдын 25-ноябрында Сүлүктү шаарынын IT маданий борборунда Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” демилгесинин алкагында “Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда илим менен билимдин орду” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу БатМУнун басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага БатМУнун ректору, профессор Айдарбек Гыязов, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген окумуштуулар катышты. Конференция Алымбек датканын 225 жылдыгына, Илим күнүнө жана БатМУнун профессору Р.М. Абдуллаевдин 60 жылдык мааракесине арналды.
Пленардык жыйында үч окутуучуга доцент окумуштуулук наамы ыйгарылып, ар бирине 40 000 сом өлчөмүндө сый акы тапшырылды. Ошондой эле беш Президенттик стипендия алган студент Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. БатМУ СГЭИнин бир катар окутуучулары да Ардак грамоталарга ээ болушту.
Конференция аймактагы илимий байланыштарды бекемдеп, билим берүүнүн сапатын өркүндөтүүгө шарт түзгөн маанилүү аянтча болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *