20-ноябрда Көк-Жар кичи районундагы ТСЖнын төрайымы С.Н. бир үйгө барып, 2000 сом салынган үгүт буклетин берип, белгилүү талапкерге добуш берүүнү суранган деген арыз түшкөн.
Факт боюнча КЖКнын 196-беренеси (добуш сатып алуу) менен кылмыш иши козголуп, *1949-жылы төрөлгөн С.Н.*ге айып угузулду. Тергөө жүрүп жатат.
