Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды

Айдоочулар мурда коюлган талаптан улам, уруксат кагаз алууда узун кезек жаралып, айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгын айтып кайрылышкан. ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрткөн: ▫️Эми алар ишемби күндөрү да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскармакчы ▫️2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт. Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *