Эми айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окуш керек болот

Баткен/ 03.11.25/ Баткен таңы

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу тартиби өзгөрүү алдында турат. 2026-жылдан тарта бардык жеке менчик авто-мектептер жабылып, алардын ордуна мамлекеттик авто-мектептер иштей баштайт. Бул тууралуу Президенттин мүлктү башкаруу департаментинин жетекчиси Каныбек Туманбаев 3-ноябрда жаңы паспортторду тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы система боюнча айдоочуларды окутуу 14 айга созулат. Мындай ыкма практикалык жана теориялык билимди кеңири өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.

> “Эми мурдагыдай эки ай окуп күбөлүк алуу деген болбойт. Ар бир этап боюнча экзамендер тапшырылат. Окутуу учурунда дөңгөлөк алмаштыруудан баштап техникалык тейлөөгө чейин үйрөтүлөт”, — деп билдиришти Президенттин иш башкармалыгынан.

Мындан тышкары, 2026-жылдан тарта 11-класстын окуучуларына айдоо негиздери мектеп программасына киргизилет. Бул кадам жаштардын жол кыймылынын эрежелерин эрте үйрөнүшүнө шарт түзөт.

Мамлекет айдоочулук күбөлүктөр мыйзамга ылайык жана сапаттуу окутуудан кийин гана берилерин камсыздоону өз мойнуна алмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *