Айдоочулар мурда коюлган талаптан улам, уруксат кагаз алууда узун кезек жаралып, айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгын айтып кайрылышкан. ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрткөн:
Эми алар ишемби күндөрү да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскармакчы
2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт. Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейт.
