Баткен/21.11.25

Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо башка жугуштуу патологиялардын деңгээлинен ашып түшүү деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу калктын ден соолугуна олуттуу глобалдык коркунуч бойдон калууда. Жыл сайын бардык өлкөлөрдө КРВИ жана сасык тумоонун сезондук эпидемиялары катталат. Баткен районунун аймагында 2025-жылдын 10 айында 7525 адам КРВИ менен ооруп , 2024-жылга салыштырмалуу 2191 учурга көбөйгөн.Ал эми область боюнча 23066 учур катталып 2024-жылга салыштырмалуу 4721 адамга өскөнү көрсөтүлөт.Октябрь айында Баткен району боюнча 1007 оорулуу катталып , алардын ичинен 14 жашка чейинкилер 672 санын түзөт .Область боюнча октябрь айында 2366 адам катталып, 14 жашка чейинкилердин саны-1644. Эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча биз тараптан төмөнкү чаралар көрүлдү:
*Саламаттыкты сактоо мекемелеринде күнүмдүк мониторинг жана эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү.
*Билим берүү мекемелеринде гигиеналык талаптар жана коомдук чогулуштарга чектөөлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Оорулуу балдар жана кызматкерлер дароо изоляцияга алынган.
* Профилактикалык иш-чаралар боюнча калк арасында маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлдү: маска кийүү, колду үзгүлтүксүз жуу жана санитардык тазалоо, жайларды желдетүү.
Сасык тумоого каршы эмдөө өзгөчө коркунучтуу топтордун арасында (балдар, кош бойлуу аялдар жана карылар) күчөтүлдү.Октябрь айында Область боюнча 4500 вакцина келип медициналык кызматкелерге , тобокел топтордогу адамдарга берилди.
Медициналык борборлор күчөтүлгөн режимге киргизилип, инфекция жуккандарды эрте аныктоо жана мониторинг жүргүзүү уланууда .
Грипп (сасык тумоо) — аба-тамчы аркылуу жугуучу курч вирустук жугуштуу оору. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган. Курч респиратордук вирустук инфекция(ОРВИ) озгочо кыш, күз мезгилдеринде күч алат.
Сасык тумоону аденовирустар , парагрипп вирустары, риновирустар жана башка вирустар , бактериялар чакырат .
Инфекциянын жугуу жолдору: Оорунун булагы – оорулуу киши .Оорунун жашыруун мезгили 3-4 күнгө созулат .Оору пайда болгондон кийин 3-5 күндүн аралыгында оорулуу эпидемиологиялык жактан өтө коркунучтуу болот .Аба – тамчы жолу аркылуу жугат . Оорулуу чүчкүргөндө жана сүйлөгөндө чачыраган шилекейиндеги вирустардын чоңдору жерге түшөт. Ал эми майдалары абада 4-6 саат калкып жүрө берет. Ушул аралыкта башкаларга жугуу коркунучу бар. Эгер ал майда бөлүкчөлөр бир нерселерге түшүп же жабышып калса, анда бир нече күн өлбөй жүрө алат. Демек, жугуу коркунучу күтүлөт.
Оорунун белгилери:
Бир нече сааттан 1-3 күнгө чейин созулган инкубациялык мезгилден кийин оору адатта курч жана катуу башталат..
Алгачкы белгилери чыйрыгуудан, катуу баш оорудан, дене табынын көтөрүлүшүнөн жана булчуң ооруларынан башталат. Ошондой эле тамак кургап, кычышат, кургак жөтөл күчөп, мурун аркылуу дем алуу кыйын болот. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, дарыгерди үйгө чакыруу керек. . Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт.
Бул белгилер адатта бир жумага жетпейт. Бирок жөтөл эки жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Балдар ичи өтүп, кусушу ыктымал, бирок чоңдордо мындайлар көп кездешпейт.
Сасык тумоонун кабылдап кетишинен вирустук пневмония, экинчилик бактериялык пневмония, мурун көңдөйүнүн инфекциялары өөрчүшү мүмкүн.

Алдын алуу
- Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
- Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
- Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
- “Жөтөлүү этикетин” сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
- Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
- Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
- Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
- Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
- Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
- Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
- Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордошуна алып келүүсү мүмкүн
Сасык тумоону алдын алууда вакцина Гриппол бар. Аталган вакцина адамда күчтүү иммунитетти пайда кылат. Сасык тумоого каршы вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан кош бойлуу аялдар, беш жашка чейинки балдар, карылар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана КИВ/КИЖС, астма, диабет, жүрөк оорулары же дагы башка өнөкөт оорулары бар тобокел тобуна кирген кишилерге сунушталат.
Даарылоо Көпчүлүк учурларда сасык тумоо инфекциясы өзүнөн-өзү өтөт. Дарылоо сасык тумоонун ысытма, жөтөл, тамактын оорушу ж.б.у.с. жышаандарын жоюуга багытталышы керек. Бейтаптар өз абалын байкап, начарлап кетсе, жатуу өтө зарыл. Инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн кыйыр таасирлери бар дары-дармектер менен өзүн-өзү дарылоодон алыс болуу, башка медициналык жардам алыш үчүн кайрылышы абзел.Сасык тумоо болгондо төшөктө адамдар менен тыгыз байланыш түзбөө сунушталат. Бейтаптарга суюктукту көп ичүү, спирт ичимдиктеринен жана тамекиден баш тартуу, ысытманы түшүрүү жана булчуң ооруларын басуу үчүн дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча дары ичүү сунушталат.

Даярдаган : Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог дарыгери Жунусова Айзирек Алмазбековна