Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, запастагы лейтенант, медицина илимдеринин кандидаты Замирбек Тойгонович Аширкулов — өз ишине чыныгы берилген, элибизге ак ниеттен кызмат кылып келе жаткан дарыгерлердин бири.
Замирбек Аширкулов өзүнүн эмгек жолун 1998–2000-жылдары Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборунда баштап, алгачкы медициналык тажрыйбасын ушул жерде алган. 2000-жылдан тарта Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасында үзүрлүү эмгектенип келет.

2013-жылы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери өз кесибине берилген, кичи пейил, жайдары мүнөздүү жетекчи катары жамааттын жана бейтаптардын терең урмат-сыйына ээ болгон.
Өзгөчө 2021–2022-жылдардагы Баткендеги чек арадагы каргашалуу окуялар маалында Замирбек Аширкулов жарадар болгон жоокерлерге жакындан жардам көрсөтүп, чыныгы аскердик жана адамдык эрдикти далилдеген. Азыркы күндө да ал өз адистигин мыкты деңгээлде көрсөтүп, элибизге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү улантууда.
Замирбек Аширкулов жетектеген хирургия бөлүмүнүн дарыгерлери жана медайымдары бейтаптарга өзгөчө камкордук жана жылуу мамиле жасагандыгы менен айырмаланат. Бул бөлүм бүгүн Кызыл-Кыя шаарындагы элдин ишенимин актаган сапаттуу медициналык борборлордун бири болуп саналат.
Эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн Замирбек Аширкулов төмөнкү сыйлыктар менен ардакталган:
Баткен облусунун губернаторунун Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин төш белгиси жана Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ардак грамотасы жана төш белгиси.
Жергиликтүү тургун Жайлообай Эшанкулов өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:
> “Хирургия бөлүмүнүн дарыгерлерине жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Алардын эмгеги, адамдык мамилеси жана элге болгон кызматты сүйүү сезими чыныгы урматка татыктуу.”
