Баткен/20-ноябрь
Баткен облусу 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине толук даярдалды
Баткен облусу 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын туруктуу берүү үчүн талап кылынган бардык даярдык иштерин толук аяктады. Бул тууралуу “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Баткен электр тармактар ишканасы билдирди.
Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, облуста жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы электр түйүндөрүн оңдоо, жабдууларды жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында ири иштер аткарылды.
Жогорку чыңалуудагы тармактарда аткарылган иштер
220/110/35 кВ аба чубалгылары боюнча жылдык план 100% аткарылды.
7 200 даана эски изолятор жаңысына алмаштырылып, кошумча 7 513 даана айнек изолятор орнотулду.
1 264,75 км аба чубалгысы кезектеги оңдоп-түзөөдөн, 134,6 км капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Селден коргоо боюнча 3 таяныч көпүрөсүндө иштер толук бүткөрүлдү.
Көмөк чордондорду жаңылоо
45 көмөк чордон пландуу оңдоодон, 6 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өттү.
Облустагы 6 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Анын ичинде:
«Самат» – 16 000 кВАдан 40 000 кВАга
«Животноводческая» – 10 000 кВАдан 16 000 кВАга
«Исфана» – 6 300 кВАдан 10 000 кВАга
«Үч-Коргон» – 4 000 кВАдан 6 300 кВАга
«Кульдинская» – 2 500 кВАдан 4 000 кВАга
«Орозбеков» – 4 000 кВА + кошумча 2 500 кВА
Төмөнкү чыңалуудагы электр тармактары
316 даана 10/0,4 кВ трансформатор капиталдык оңдоодон өттү.
1 512 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
650 км аба чубалгысы капиталдык оңдолуп, 1 251 км линияларга тейлөө жүргүзүлдү.
СИП зымдарына өтүү жана опораларды алмаштыруу
43,45 чакырым алюминий зымдарын СИПке алмаштыруу пландалса, анын 31,34 чакырымы аткарылды.
1 568 эски жыгач мамылар темир-бетон опораларга алмаштырылды.
Акылдуу эсептегичтер орнотулду
2025-жылга пландалган 43 685 даана акылдуу эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүттү. Баткен району, Баткен шаары жана Кызыл-Кыя толук АСКУЭ менен камсыз болду.
Курулуш жана реконструкция
Лейлек РЭТ үчүн жаңы административдик имарат курулууда.
Баткен шаарындагы 110/35/10 кВ «Суу-Башы» көмөк чордону курулуп бүтүп, ачылууга даярдалууда.
Баткен шаарындагы Жаңы-Достук айылы толугу менен электр энергиясы менен камсыздалып, көчөлөр жарыктандырылды.
«Кара-Булак» – «Овцекомплекс» багыты боюнча жаңы 10 кВ линия тартылып, 4 жаңы көмөк чордон орнотулду.
Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо
Максат айылы:
20 даана темир-бетон мамы орнотулду
0,1 км 6 кВ линия
570 метр СИП-2
160 кВА көмөк чордон
16 үйгө эсептегичтер орнотулду
18 даана прожектор жана 0,7 км жарыктандыруу линиясы
Раззаковдун жаңы конушу:
18 жана 85 даана электр мамысы орнотулду
0,7 км 10 кВ чубалгы
22,05 км СИП-2
250 кВА ГКТП
60 эсептегич орнотулду
65 прожектор жана 2 км жарыктандыруу линиясы
ган иштердин натыйжасында Баткен облусу кышкы эң жогорку электр жүктөмүнө даяр болуп, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейди.
Суроолор боюнча байланыш телефондору:
105, 1209 – Колл-борбор
0221 33-36-02 – Баткен РЭТ
0772 46-04-01 – Сүлүктү РЭТ
0221 55-54-78 – Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 – Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07 – Кызыл-Кыя РЭТ






