Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Бүгүн, 19-ноябрда Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Тараптар саясий диалогду күчөтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, темир жана авто жолдорду куруу, жаңы авиакаттамдарды ачуу сыяктуу практикалык кызматташтыкты талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери тарыхый жогорку деңгээлге жеткенин белгилесе, Ван И Си Цзиньпиндин саламын жеткирди жана эки өлкө башчыларынын макулдашууларын аткарууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандагы кытай компаниялары мыйзамдарды жана жергиликтүү каада-салттарды сактоого милдеттүү экенин белгиледи.
Жолугушуу жылуу каалоо-тилектер менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *