Баткен райондук мамлекеттик администрациясы 21-ноябрда Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн Согмент айылында арзан баада айыл чарба жана күнүмдүк керектелүүчү азыктар сатылуучу жарманке өткөрөт.
Жарманкеде эт, картошка, сабиз, пияз, дан азыктары жана башка товарлар базар баасынан төмөн сатылат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.
