Кадамжайда шагал жана бетон чыгаруучу завод ишке кирди

Баткен/19-ноябрь
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында шагал жана бетон аралашмасын чыгаруучу мамлекеттик ишкана толук курулуп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине өкүл Айбек Шаменов катышып, ишкананын аймактын өнүгүшүнө салым кошорун белгиледи. Завод ишин расмий түрдө баштады.
Ишкана толук кубаттуулукта иштегенде күнүнө 60 тонна шагал жана 1000 м³ бетон даярдай алат. Курулушка республикалык бюджеттен 32 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн.
Жыйынтыгында 10 жаңы жумуш орду түзүлдү, киреше жергиликтүү бюджетке түшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *