Лейлекте ири өндүрүш ишканасы курулууда

Баткен/12-ноябрь
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы айылында “Мега Газаблок” ишканасы курулууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, аталган ишкананын курулушунан кабар алды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой  жеке ишкер бул өндүрүштүк обьектисине 12,0 млн доллар инвестиция салган.
Ири заводдун курулушу 2025-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү пландалган. Ишкана ишке кирсе, суткасына 2000 даана газаблок өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Болжол менен 150 адам жумуш менен камсыз болот.
Курулуш материалын өндүргөн ишкана, сырьёну аталган аймактан алат. Аймакта газоблок үчүн керектелүүчү ак кумдун чоң көлөмдөгү запасы бар. Адистер анын жогорку сапатын белгилеп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *