БАТКЕН. 11.11.25
Баткен облусунун дээрлик бардык тургундары кышкы мезгилде үйлөрүн көмүр менен жылытат. Ошондуктан кыш мезгилинде көмүргө болгон муктаждык өзгөчө сезилет.
Баткен шаарындагы көмүр сатуучулардын айтымында, Сүлүктү көмүрүнүн бир мүшөгү сортуна жараша 500 сомдон 800 сомго чейин, ал эми Гарым жайлоосунун көмүрү 340 сомдон сатылууда. Кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө үчүн көпчүлүк тургундар көмүр сатып алып, кышкы камылгасын көрүшүүдө.

Сатуучулар жана тургундардын пикири
Адилет Алиханов, сатуучу:
> — Кышында көмүргө болгон талап жогору. Көпчүлүк жарандар көмүрдү тонналап сатып алышууда. Баасы сортуна жараша 500 сомдон 800 сомго чейин. Ал эми күлү 170 сомдон сатылат. Күлдү суу менен аралаштырса жакшы күйөт, аны көбүнчө мончо иштеткендер алышат.
Абдрашит Сатиев, Баткен шаарынын тургуну, пенсионер:
> — Үйүм көмүр менен жылыйт, алган пенсияма көмүр алайын деп келдим. Электр энергиясын аз колдонуп, көмүр менен жылыныш керек. Азыр күн жылуу болгону менен, чилде маалында абдан суук болуп кетет. Ошондо көмүрдүн баасы да кымбаттап кетет.
Мэрия менен администрациянын аракети
Суук түшөөрү менен жергиликтүү бийлик да четте калган жок. Маселеге олуттуу карап, жашоочулар үчүн жагымдуу шарт түзүп, арзан көмүр менен камсыздоо иштерин уюштурду.
Аскар Баймуратов, Баткен шаардык мэриясынын басма сөз катчысы:
— Бизге арзан көмүрдү “Кыргыз көмүр” ишканасы алып келди. Ал Чет-Булак кварталында, болжол менен жаңы мал базардын жанында сатылууда. Жарандар үчүн уюштурулган бул сатуунун баасы 1 килограммы 7 жарымдан 8 сомго чейин.
Мындан тышкары, Баткен райондук администрациясы да арзандатылган көмүрдү уюштурганын расмий Facebook баракчасы аркылуу жарыялады.
Баткен районунун аймагында калкты арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында атайын сатуучу жайлар ачылды. Райондогу айыл өкмөттөр көмүр камсыздоочу компаниялар менен түз келишимдерди түзүштү.
Айыл өкмөттөр менен келишимдер
Кара-Бак жана Алтын-Бешик айыл өкмөттөрү — «Ак-Булак» ЖЧКсы менен;
Ак-Сай жана Суу-Башы айыл өкмөттөрү — Сүлүктү кени менен;
Ак-Татыр айыл өкмөтү — «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен;
Төрт-Гүл айыл өкмөтү — Сүлүктү шаарындагы «Ж. Айтматов» ЖЧКсы менен келишим түзүштү.
Буга чейин жетекчилик Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын жетекчилери менен арзан баада көмүр алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Учурда Суу-Башы жана Самаркандек айыл өкмөттөрүндө көмүрдүн бир кабы 250–300 сомдон сатылууда. Мындай сатуучу жайлар райондун башка айылдарында да ачылып, калктын суроо-талаптарына жараша көмүр үзгүлтүксүз ташылып турат.
Бул аракеттер калкты кыш мезгилине жетиштүү жана жеткиликтүү баадагы отун менен камсыз кылууга багытталган.


