Адылбек Акматов, “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору:
“Кар кетип, из жоголгону менен баары эсте…”
Исхак Раззаковдун музейи кантип курулган?

1990 — жылдары Исхак Раззаков жөнүндө ачык маалыматтар көп эле айтыла берчү эмес. Апсамат Масалиев Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы болуп, кызматка келгенден кийин, Исхак Раззаков жөнүндө гезит журналдарда, маалыматтар чыга баштаган. Ал турсун, Апсамат Масалиев өзү дагы жалаң эскерүүлөрдөн турган “Улуу инсан “ деген китебин жазды. Ошого удаа эле, Шаршенаалы Абдылдаевдин «Ак иштеген адам, акыры жамандык көрбөйт» — деген Ала Тоо журналына Раззаков жөнүндө өтө таасирдүү эскерүүлөрү чыккан.
Ал мезгилде Абдыкадыр Сапарбаев (Ал кишинин көзү өтүп кетти) Лейлек районунда Коммунисттик партиянын биринчи катчысы эле. Аткаруу комитетинин төрагасы, коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Карим Ташбалтаев экөөсү өздөрүнө чакырып, Исхак Раззаков деген улуу инсанды билесиңби деп сурашты. Билем деп жооп бердим.
Ошондон кийин, Абдыкадыр Сапарбаев менен Карим Ташбалтаев экөөсү Исхак Раззаков жөнүндөгү көп таасирдүү окуяларды айтып берип, сени ушул киши жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу үчүн Фрунзедеги, Ташкенттеги партиялык архивдерге жөнөтөбүз — дешти.
Мен жаңы эле университетти аяктап, Лейлек райондук “Алга” гезитинде иштеп жүргөн мезгил болчу. Партияга кабыл алышты. Андан көп өтпөй эле, 90 — жылдын жай айларында мени менен кошо Каразак Матисаев деген сүрөтчүнү азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарына жөнөтүштү. Ал жакта 3 ай жүрүп, партиялык архивден музейге тиешелүү бардык тийиштүү документтерди топтодум. Исхак Раззаковдун 80 жылдыгына карата “Кыргыз фильм” менен бирдикте «Исхак Раззаков» аттуу документалдуу 10 мүнөттүк тасманы даярдадык.
Документалдуу бул фильм улуу инсан жөнүндө биринчи жолу кеңири тартылган тасма болчу… (Кийинки мезгилдерде бул тасма көрсөтүлбөй калды). Айтмакчы, ошол эле учурда раматылык сүрөтчү Каразак Матисаев, Ибрагим Бакировдор Бишкек шаарында азыркы Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун мемориалдык музейинин ички жасалгаларын да даярдашты.
Октябрь айы аяктап калганда, музейдин бардык жасалгалары бүтүп, тарыхый документтер менен толукталып, Лейлекке жөнөтүлдү. Бул мезгилде Лейлекте да Исхак Раззаковдун 80 жылдыгына карата кызуу даярдыктар жүрүп жаткан болчу. Музейге коюлуучу Исхак Раззаковдун бюсту Бишкек шаарында залкар айкелчи Тургунбай Садыков тарабынан даярдалгандыктан, мага Лейлекке жеткирүү жүктөлдү.
Ошондо биринчи жолу залкар айкелчи Тургунбай Садыков менен жүзмө — жүз учураштым. Саламадашкандан кийин:
-Бюстту алып кеткенге машинең барбы?- деп сурады.
— Жок самолет менен алып кетем дедим.
— Кантип алып кетесиң, машинең барбы? — деди.
— Жок. Машинем жок. Самолёт менен алып кетем — дедим.
Тургунбай Садыков саамга карап туруп, анда мындай кылалы деп, Исхак Раззаковдун бюстун ак кебез менен ороп, жолдо көтөрүп жүрүүгө өтө ыңгайлуу кылып жасап берди да:
-желкемен таптап, -“Мени Лейлектеги аэропорттон бул кишинин арбагы ар дайым колдоп жүрөт” — деп узатып койду. Мени Лейлектеги аэропорттон Ош облустук маданият башкармалыгынын башчысы, раматылык Абдырахман Байтөрөев тосуп алды.
Ошол жылы 1990 — жылдын ноябрь айында Кыргызстан Эгемендүүлүк алып, алгачкы Президент Аскар Акаев шайланган болчу. Эртең Президент келет, музейди даяр кылышыбыз керек — деп түнү — күнү жаңы курулган музейдин ичин жасалгалап жаттык…
Биринчи Президентке Исхак Раззаковдун жаңы музейин тааныштыруу үчүн атайын Бишкектен экскурсовод айым чакырылган болчу. Бирок, ошого карабастан, жаңы музейди тааныштыруу милдети мага жүктөлдү. Бул тарыхый күндү кантип унутууга болсун. Раззаковдун өмүр баянын, Өзбекстандагы, Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүн, бала чагын, айтор, бардык Исхак Раззаковго тиешелүү маалыматтарды Аскар Акаев баштаган жогорку даражалуу меймандарга айтып бердим.
5 — ноябрь эле, Аскар Акаев Президент болуп шайлангандан 2 күндөн кийин, биринчи иш сапары дал ушул Исхак Раззаковдун 80 жылдык юбилейинен кийин башталган. Эсимде, Апсамат Масалиев, Апаз Жумагулов, Күлүйпа Кондучаловалардан тышкары, Өзбекстандан жана Тажикстандан дагы залкар инсандын замандаштары келген болчу.

Кандай болгон чакта да бул тарых. Тарых эч качан бурмаланбашы керек. Ириде, улуу инсандын өмүрүн кайрадан жараткан, Апсамат Масалиев, Абдыкадыр Сапарбаев, Карим Ташбалтаев Лейлек районундагы маданият бөлүмүнүн ошол мезгилдеги башчысы Мажит Алдакуловдун, сүрөтчү, жасалгалоочу Ибрагим Бакиров, Каразак Матисаев, журналист Халил Ташматов, улуу инсандын жакын туугандары Ашым Артыков, Кудайкул Кайназаровдор өлкөдө биринчи жолу Лейлек районунда ачылган, Исхак Раззаковдун музейинин архивдик документтерин толуктоого көп үлүштөрүн кошкон.
Кар кетип, из жоголгону менен баары эсте. Музейдин биринчи директору болуп, аз убакыт иштегенден кийин Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Исхаковна Москвадан Лейлекке көчүрүлүп келди. Көп өтпөй эле Эльмира Исхаковна музейге директор болуп кызматка орноштурулду. Мен болсо, Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматына которулдум.





