Апта ичинде 300дөн ашык мас айдоочу аныкталды

10-ноябрь/ Баткен

3-ноябрдан 9-ноябрга чейин өлкө аймагында 23 миңден ашык жол эрежеси бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Айрым негизги көрсөткүчтөр:

Документтери жок унаа башкарган — 1 878;

Мас абалында унаа башкарган — 309;

Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 138;

Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусу менен жол эреже бузуу — 762;

Транспорт каражаттарын туура эмес пайдалануу — 3 256;

Авто ээнбаштык — 24;

Белгиленген ылдамдыкты ашыруу — 3 387;

Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 5;

Башка жол эрежелерин бузуу — 10 694.

Жол эрежелерин бузган 3 201 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *