Жол кырсыктары көбөйгөндүктөн Жеңишбек Жоробеков кызматтан алынды

Ички иштер министрлиги 4-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖДККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробековду кызматтан алуу чечимин кабыл алды.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштердин натыйжасыз жүргүзүлүшүнө жана өлкө боюнча жол кырсыктарынын көбөйүп кетишине байланыштуу кабыл алынган.
Расмий статистикага ылайык, 2025-жылдын январь–сентябрь айлары аралыгында Кыргызстанда 9078 жол кырсыгы катталып, 636 адам каза болуп, миңге жакын киши жаракат алган.
Салыштырмалуу, 2024-жылы ушул эле мезгилде 7423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болгон, 636 жаран ар кандай жаракат алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *