Баткен/ 04.11.25/ Баткен таңы
«Улуттук электр тармагы» ишканасынын маалыматына ылайык, керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын кубаттуулугун убактылуу чектөө март айына чейин уланат.
Маалыматта айтылгандай, өлкө боюнча айрым трансформатордук подстанциялар ашыкча жүктөм менен иштеп жаткандыктан, жогорку керектөө учурунда кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин төмөндөтүлүүдө.
Компаниянын маалыматы боюнча, мындай чектөөлөр негизинен жаңы турак үйлөрдө жана жылытуу мезгилинде электр шаймандарын көп колдонулган аймактарда байкалат.
