
Президент Садыр Жапаров энергетика министри Таалайбек Ибраевге “Улуттук электр тармагы” компаниясынын калкты электр энергиясына “чексиз тарифке” өтүүгө чакыруу аракетине байланыштуу кескин баа берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы күчөгөн учурда мындай демилге кабыл алынгыс экенин белгилеп, ал коомдо социалдык бөлүнүүгө жана нааразылыкка алып келиши мүмкүн экенин баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул тарифтик сунушту дароо токтотууну, ошондой эле кыш мезгилинде жарандар үчүн электр энергиясына адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Эске салсак, буга чейин “Улуттук электр тармагы” ААКнын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Исабек Орозбаев керектөөчүлөр кааласа, “чексиз электр энергиясынын тарифине” өтө алышарын билдирген. Бул маалымат коомчулукта чоң талкуу жараткан.