КАДАМЖАЙДА ЖАШТАРГА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖАРАТЫЛУУДА

Баткен, 31.10.25. /Баткен таңы/

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары М.Айтматов Бишкектеги DVV International эл аралык уюмунун жетекчиси Айсулуу Кангелдиева менен жолугуп, Youth GO долбоору алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө М.Айтматов жаштарга район акими Б.Баяке уулунун колдоосу жана жеке көзөмөлү менен өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, жаштардын материалдык жана техникалык базасы чыңдалып, алар жергиликтүү гана эмес, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда да активдүү экенин баса айтты.

Мындан сырткары, райондо жаштар үчүн бөлмө ачылган болсо, эми Кадамжай шаарынын мэриясында да атайын бөлмө бөлүнүп, жаштар үчүн толук шарттар түзүлдү.

Жолугушуудан соң М.Айтматов Кадамжай жаштар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алып, 10-ноябрь Жаштар күнүнө карата район ичинде атайын иш-чараны максаттуу жана натыйжалуу уюштуруу боюнча талкуу жүргүздү. Ошондой эле жаштарга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *