Узак басуу-жүрөк үчүн эң пайдалуу

Австралия менен Испаниянын окумуштуулары жүргүзгөн көп жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында узак басуу жүрөк саламаттыгын чыңдоонун эң натыйжалуу жолу экени аныкталды.

BBC жазгандай, адистер сегиз жыл бою 40–79 жаштагы 33 миңден ашуун адамдын абалын байкап турушкан. Алардын баары күнүнө орточо 8 миң кадамдан аз баскан адамдар болгон.

Изилдөө көрсөткөндөй, бир узак, тынымсыз басуу — болжол менен 15 мүнөт же 1,5 миң кадам — жүрөк үчүн көптөгөн кыска басууларга караганда көбүрөөк пайда алып келет.

Изилдөөнүн автору, профессор Эммануэль Стаматакис белгилегендей, аз кыймылдаган адамдар да жөн гана басуунун узактыгына көңүл буруу менен өз ден соолугун жакшырта алышат.

👉 Маалымат булагы: BBC

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *