Баткен РИИБдин “Касым Шадыбеков” атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты Жолубай уулу Жумадил ички иштер органдарында кызмат өтөп келе жатканына беш жылдын жүзү болду.

Баткен районунун Согмент айылында туулган Жумадил жаш чагынан спортко кызыгып, кыргыз күрөшү жана таяк тартыш боюнча жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп келген. Ал учурда үй-бүлөлүү, бир уул жана бир кыздын атасы.
Милициянын лейтенанты Жолубай уулу Жумадил өзүнүн кызматтык милдетинин негизинде Самаркандек, Паскы-Арык жана Орто-Сай айылдарын, ошондой эле бул аймактардагы 5 мектеп менен 6 бала бакчанын коопсуздугун тейлейт. Анын демилгеси менен билим берүү мекемелеринде жаш өспүрүмдөрдүн укуктук билимин жогорулатуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана зомбулукка каршы иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Жумадил тейлеген аймактарда жашы жете электер тарабынан кылмыш фактылары катталган эмес. Бул анын профилактикалык иштеринин натыйжалуулугун жана балдар менен тыгыз иш алып барганы деп билсек болот. Мындан сырткары, ал айыл тургундарынын арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында да үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.
Кызматтан тышкары, Жумадил спорттук ишмердикте да үлгүлүү жыйынтыктарга жетишүүдө. Ал кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери, ИИМ жана облус деңгээлиндеги спорттук мелдештерде бир нече жолу алдыңкы орундарды ээлеп келген. Учурда да ал сергек жашоо образын карманып, айыл жаштарын спортко үндөп, “Алга Самаркандек” спорт клубунда машыгып келет.
Милициянын лейтенанты Жолубай уулу Жумадил коомдук тартипти сактоо менен катар спорт аркылуу жаштарды тарбиялоо, туура багыт берүү жана мекенге кызмат өтөөнүн үлгүсүн көрсөтүп келет.







