2025-жылдын октябрь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) эксперттик-криминалистикалык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, жаңы химиялык лаборатория ачылды.

Буга чейин Баткен ОИИБде негизинен кол манжа издери (дактилоскопия), суук куралдар (ХО) жана ок атуучу куралдар (баллистика) боюнча гана эксперттик корутундулар берилсе, эми баңгизаттар жана алардын прекурсорлору боюнча да анализ жүргүзүп, эксперттик корутундуларды жеринде чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул лаборатория кызматкерлерге жеңил шарт түзүү максатында жетекчиликтин колдоосу менен ачылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.
Химиялык лабораториянын ишке кириши аймактагы кылмыштарды тергөө жана сотко чейинки өндүрүш иштеринде ыкчам жана так жыйынтык чыгарууга чоң өбөлгө түзөт.
Эске сала кетсек, буга чейин бангизаттар боюнча экспертизалык корутундулар Баткенден 240 чакырым алыстыктагы Ош шаарынан чыгарылып келген.
