«КҮНДҮ АЛАКАН МЕНЕН ТОСО АЛБАЙСЫҢ»

Адылбек Акматов,журналист:
«КҮНДҮ АЛАКАН МЕНЕН ТОСО АЛБАЙСЫҢ»…
Бүгүн улуу мамлекеттик жана саясий ишмер, кыргыз элинин залкар уулу Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгы белгиленүүдө. “Күндү алакан менен тосо албайсың” деген эл сөзү бекеринен айтылбаса керек — бул сөз дал ушул инсандын эл алдындагы даңкына жарашат.
Исхак Раззаков — Борбор Азиянын тарыхында терең из калтырган, үч элдин — кыргыздын, өзбектин жана тажиктин сыймыктуу уулу катары белгилүү инсан. Ал Кыргызстанда төрөлүп, Тажикстандын Ходжент шаарында билим алып, эмгек жолун Өзбекстанда баштаган.
Раззаков өз доорунун эң билимдүү, саясий жактан туруктуу жана элге кызмат кылууну өмүрүнүн максаты кылган жетекчилеринин бири болгон. Ал өзбек, тажик жана англис тилдерин эркин сүйлөгөн, өзүнүн чечендиги жана элге жакын мүнөзү менен көптөгөн замандаштарын суктандырган.
Өзбекстандын экономикасы, маданияты жана айыл чарбасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон Раззаковду ошол кездеги өзбек лидери Усман Юсупов жогору баалаган. Ал эми согуштан кийинки жылдары Кыргызстанды жетектеп турган учурда өлкө мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жеткен.
Раззаковдун жетекчилиги мезгилинде:
Ош–Бишкек жолу курулуп, транспорт байланышы кеңейген;
Илимдер академиясы, жогорку окуу жайлар ачылган;
Завод-фабрикалар, темир жолдор, каналдар жана жеңил өнөр жай ишканалары ишке кирген.
Москвадагы Пландоо институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн кыргыз жигитин ошол кездеги СССР лидери Иосиф Сталин да өзгөчө баалаган. Ошондуктан Раззаковду “Сталиндин акыркы кадры” же “Борбор Азиянын булбулу” деп аташкан.
Эскерте кетсек, Исхак Раззаковдун ысымы бүгүн Лейлек районунун борборуна берилген шаар — Раззаков шаары менен да түбөлүк жашап келет. Бул жерде анын урматына курулган алгачкы музей да бар. Музейдин негизделишине жана архивдик материалдардын чогултулушуна бир катар мекендештерибиз өз салымын кошкон.
Улуу инсанга болгон урмат — бул тарыхка, элге жана келечекке болгон урмат. Исхак Раззаков сыяктуу инсандар эл эсинде дайыма сакталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *