Кадамжайда Баткен окуяларынын эскерүү күнү белгиленди

2025-жылдын 24-октябрь күнү Кадамжай шаарында Баткен согушунун эскерүү күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Баткен окуяларында эрдик көрсөтүп курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке гүл коюу менен башталып, алардын элесине таазим көрсөтүлдү.

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Баткен согушунун ардагерлери жана жаштар катышты.

Салтанатта жоокерлердин Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы баса белгиленип, ардагерлерге ыраазычылык билдирилди. Иш-чаранын жүрүшүндө мекендин бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн өмүрүн арнаган жоокерлердин элесин урматтоо — ар бир жарандын ыйык милдети экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, Баткен согушуна Кадамжай районунан 270 жоокер катышкан. Учурда алар коомдук турмушка жана өлкөнүн коопсуздугуна активдүү салым кошуп келишүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *