Хабибилла Азиреткуловго УКМКнын төрагасы Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир берди

КРнын Эмгек сиңирген артисти Хабибилла Азиреткуловго УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир тапшырды. Бул туурасында “Регион” телеканалы өз баракчасында маалымат таратты.
Буга чейин ижара акы төлөп, батирде жашап келген обончу жана композитор Хабибилла Азиреткулов батирге болгон муктаждыгы жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуусу Жогорку Кенеш аркылуу УКМК нын төрагасы Ташиевге жөнөтүлгөн. Натыйжада белгилүү обончу жана композитордун турмуштук жагдайлары эске алынып, Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.
Бул жагымдуу жаңылык коомчулуктун кеңири колдооосуна ээ болууда. Белгилүү обончу Х. Азиреткулов учурда 66 жашта, 8 перзенттин атасы. Кыргызстандын кыйырына жакшы обондору “Уулуңар тирүү катарда” “Таарынба”, “Коштошуу”, “Каркыралар” ж.б. көптөгөн чыгармалары менен белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *