Каланбек Маркаев, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын директору:
«Энергияны үнөмдөө — бул бүгүнкү зарылдык жана эртеңки туруктуулуктун кепилдиги»

— Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз деген коңгуроолор кагылууда. Ага карата кандай даярдыктар көрүлүүдө?
— Чынында эле быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн. Бул жалпы энергетика тармагына белгилүү деңгээлде таасир этүүдө. Ошондуктан, КР Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, биз да алдын ала даярдык иштерин күчөттүк. “Кыргызстан УЭТ” ААКнын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген иш-план боюнча Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан азыркы тапта электр тармактарын оңдоп-түзөө, трансформаторлорду жана аба чубалгыларды жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Кээ бир жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылып, эскирген изоляторлор жаңыларына, ал эми жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
Учурда ишкана облус боюнча 119 217 калк абонентин жана 9 398 калк эмес абоненттерди тейлейт. Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү, ошондой эле аны натыйжалуу пайдалануу максатында облус боюнча 56 154 даана акылдуу эсептегич (АИСКУЭ) орнотулду. Бул система аркылуу электр энергиясын керектөөнү онлайн көзөмөлдөө, ашыкча жүктөмдү азайтуу жана жоготууларды кыскартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Мындан тышкары, ишкана кызматкерлери тарабынан ар бир үйгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калкка электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча сунуштар берилүүдө. Ошондой эле кыш мезгилинде көмүр жана башка альтернативалуу отун түрлөрүн колдонуу зарылдыгы түшүндүрүлүп жатат. Бул иштердин бардыгы Баткен облусунун тургундарын алдыдагы кышкы мезгилде туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.
— Быйыл электр энергиясын өчүрүүлөр болобу? Министр өзү да элди үнөмдөөгө чакырууда.
— Азыркы учурда “КУЭТ” ААКнын Баткен филиалы тарабынан электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Энергетикалык коопсуздукту сактоо жана системанын туруктуу ишин камсыздоо максатында тармактагы жүктөм тынымсыз көзөмөлдөнүүдө. Бирок кээ бир учурларда абоненттердин керектөөсү кескин жогорулаганда, жалпы системага ашыкча жүктөм түшүп, авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу үчүн регулировка иш-чаралары жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул — керектөө графигин тең салмакта кармоо жана жалпы тармактын туруктуулугун сактоо үчүн убактылуу жана зарыл чара.
Быйыл облус боюнча 2025-жылдын башынан тарта 653 700 290 кВт⋅саат көлөмүндө электр энергиясынын лимити белгиленген. Бирок бүгүнкү күнгө карата 690 080 470 кВт⋅саат энергия колдонулуп, бул көрсөткүч 36 380 180 кВт⋅саатка же 6 пайызга ашыкча пайдаланылганын көрсөтүүдө.

Бул абал жалпы энергетикалык системага кошумча жүктөм жаратат жана тармактын туруктуулугуна терс таасир этүүдө. Ошондуктан, КР Энергетика министрлигинин чакырыгын колдоп, ар бир жаран электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга өз салымын кошуусу өтө маанилүү.
Энергияны үнөмдөө — бул жөн гана чыгымдарды кыскартуу эмес, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана туруктуулугун сактоого түздөн-түз жардам берүү болуп саналат. Лимит сакталса, ашыкча керектөө болбойт, демек, өчүрүүлөр да болбойт.
— Кышка даярсыздарбы? Жалпы элге эмне деп кайрылат элеңиздер?
— Ооба, “КУЭТ” ААКнын Баткен филиалы кышка карата толук даярдык көрүүдө. Азыркы учурда бардык райондук электр тармактарында пландуу оңдоо жана тейлөө иштери аяктап калды.
Баткен электр тармактар ишканасынын 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты узгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 9 айга пландалган жумуштарды толугу менен аткарды. 44 даана жогорку чыңалуудагы көмөк чордон кезектеги оңдоп-түзөөдөн, ал эми 5 даана көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Анын алкагында облус боюнча 5 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду:
1. Лейлек районундагы 110/35/10 кВ «Самат» көмөк чордонунун кубаттуулугу 16 000 кВАдан 40 000 кВАга;
2. Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталындагы 35/10 кВ “Животноводческая” көмөк чордонунун кубаттуулугу 10 000 кВАдан 16 000 кВАга;
3. Лейлек районунун Раззаков шаарындагы 35/10 кВ “Исфана” көмөк чордонунун кубаттуулугу 6 300 кВАдан 10 000 кВАга;
4. Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы 35/10 кВ “Уч-Коргон” көмөк чордонунун кубаттуулугу 4 000 кВАдан 6 300 кВАга;
5. Кадамжай районунун Күлдү айылындагы 35/10 кВ “Кульдинская” көмөк чордонунун кубаттуулугу 2 500 кВАдан 4 000 кВАга жогорулатылды.
Жогорку чыңалуудагы аба тармактарында 7 266 даана эскирген изоляторлорду жаңысына алмаштыруу пландалса, анын 5 450 даанасы айнек изоляторлорго алмаштырылды. Жыл башынан бери 890 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кезектеги оңдоп-түзөөдөн, ал эми 112 чакырым капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле, облус боюнча 281 даана трансформатор капиталдык оңдоодон, 1 284 трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. 591 чакырым аба чубалгы капиталдык, ал эми 961 чакырым аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
Мындан тышкары, реконструкциялоо иштеринин алкагында облус аймагында эскирген алюминий зымдар заманбап СИП — өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштырылууда. Жалпысынан 2025-жылы 43,45 чакырым алюминий зымдарды СИПке алмаштыруу пландалса, учурда анын 31,34 чакырымы толук бүткөрүлдү.
Ошондой эле, иштин сапатын арттыруу жана электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында эски жыгач мамылар жаңыланууда. Бүгүнкү күндө 1 568 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
Жалпы элге кайрылуу:
Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана тармактагы жүктөмдү азайтуу — ар бирибиздин жарандык жоопкерчилигибиз. Өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана электр энергиясын туруктуу, сапаттуу жана үзгүлтүксүз алуу үчүн ар бир жаран сарамжалдуу мамиле кылууга тийиш.
Азыркы учурда электр энергиясын ашыкча пайдалануу тармакка кошумча жүктөм алып келип, жалпы системанын туруктуулугуна таасир этүүдө. Ошондуктан, бардык жарандарды электр энергиясын акыл менен колдонууга, керектөө эң жогору болгон убактарда (айрыкча кечки сааттарда) ашыкча жүктөм жаратпоого чакырабыз.
Энергияны үнөмдөө — бул бир гана чыгымдарды кыскартуу эмес, өлкөбүздүн энергетикалык келечегине болгон камкордук.
— Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу үчүн эмне кылуу керек?
— Биринчиден, керексиз учурда электр лампаларын жана электр шаймандарын өчүрүү зарыл. Анткени, күтүү режиминде да электр энергиясы сарпталат.
Экинчиден, энергияны аз сарптаган заманбап лампаларды колдонуу сунушталат.
Үчүнчүдөн, жылытуу же ашканадагы электр жабдууларын колдонууда тартип сактоо керек.
Эң негизгиси — электр энергиясына болгон мамилебизди өзгөртүп, ар бир киловатт үчүн жоопкерчиликтүү болуу зарыл.
— Жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүбү?
— Албетте. Баткен облусунун бардык райондорунда электр энергиясын үнөмдөө жана коопсуз пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул багытта Баткен электр тармактар ишканасы тарабынан атайын маалыматтык видеороликтер жана эскертүү материалдары даярдалып, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жайылтылууда. Ошондой эле мекеме-ишканаларда, айыл аймактарда биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калкка электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, ашыкча жүктөмдөн сактануу жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымат берүүдө.
Биздин негизги максат — 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилин туруктуу, үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен өткөрүү. Ошол эле учурда ар бир жаран электр энергиясынын баалуулугун түшүнүп, аны туура пайдаланууну күнүмдүк адатка айландыруусу керек.
Энергияны үнөмдөө — бул бүгүнкү зарылдык жана эртеңки туруктуулуктун кепилдиги.