БАТКЕНДЕ ӨРТТӨН ЖАБЫРКАН ТУРГУНГА КАМСЫЗДАНДЫРУУ СЕРТИФИКАТЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунун Ак-турпак айылынын тургуну Айсалкын Темировага 408 369 сом өлчөмүндө “Мамлекеттик Камсыздандыруу уюумунун” камсыздандыруу төлөмүнүн сертификатын тапшырды.
Айсалкын Темированын үйү 2025-жылдын сентябрь айында электр зымдарынын чыңалуусунан өрт чыгып турак жайы өрттөнүп кеткен. Ал Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна турак жайын ушул жылдын июнь айында камсыздандырган.
Белгилей кетсек жыл башынан бери Баткен облусунда сел, катуу шамал, өрт жана башка табигый кырсыктардан улам, турак жайы жабыркаган 15 тургунга “Мамлекеттик Камсыздандыруу уюумунун” камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаты тапшырылды. Жалпы төлөнүп берилген сумма 1 786 154 сомду түзөт.
Баткен облусунда жалпысынан 100 миңге жакын турак жай болсо анын бүгүнкү күндө 20 миңден ашууну камсыздандыруудан өткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *