КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жарандарды жеке кабыл алуусу Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында болот.
Көчмө коомдук кабылдама 2025-жылдын 21-октябрь күнү Сүлүктү шаарында саат 10:00дөн баштап, облус башчысы жарандарды кабыл алат.
Дареги, Сүлүктү шаардык мэриясынын имаратынын 1-кабаты.
Ал эми Лейлек районунун тургундарын ошол эле күнү саат 13:00дөн баштап кабыл алат.
Дареги, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабаты
Көчмө коомдук кабылдаманын максаты- облустун алыскы аймактарынын жашоочуларынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жана турмуш шарты оор жарандардын, облус башчысына жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, алардын маселелерин жеринде чечүү.
