Бүгүн Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында ал Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана талаптары жөнүндө айтып жатып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди шайлоо учурунда үгүт иштерине катышпоого, ошондой эле социалдык тармактарда кайсы бир талапкерге лайк басуудан же колдоо көрсөтүүдөн карманууга чакырды.
Ошону менен бирге, шайлоону кынтыксыз өткөрүү боюнча тапшырылган милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарууга басым жасады.
Облусунун активи катышкан жыйында БШКнын Баткендеги өкүлү Алишер Колдошев жана облустук прокурордун орун басары Жаныбек Жолдошов шайлоо мыйзамдары боюнча кеңири маалымат берип, облус активин шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө салым кошууга чакырышты.



