Сүлүктү райондук электр тармагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү максатында белгиленген 9 айлык даярдык планын жүз пайызга аткарды.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде Сүлүктү райондук электр тармагы (РЭТ) күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук бүтүрдү. Максат — калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Сүлүктү РЭТ тарабынан 13 даана 10/0,4 кВ күчтүк трансформатор жана 15 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле 67 көмөк чордонго жана 79 чакырым аба чубалгысына техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.
Капиталдык курулуш алкагында 4 чакырым аба чубалгы жаңыланып, 6,2 чакырым СИП-2 типтеги аба чубалгысы тартылды. Мындан тышкары, 237 даана темир-бетон мамычасы орнотулду.
Самат айылындагы 250 кВА кубаттуулуктагы көмөк чордон 400 кВАга алмаштырылып, Булак-Башы жана Чимген айылдарына жаңы 250 кВА көмөк чордондор орнотулду.
Бул иштер күз-кыш мезгилинде авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.
Энергия боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштеген төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыздар:
