Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси билдирди. Маалым болгондой, Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен бул иш үч жылдан бери жүрүп жатат.
Учурда 2100дөн ашык камера иштеп жатат жана күн сайын жаңылары орнотулууда. Бул адамдын жүзүн таануу, 360 градус көрүү жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар заманбап аппараттар.
Алардын аркасында акыркы кездеги оор кылмыштарды ачуу мүмкүн болгондугу айтылды.
Дайырбек Орунбеков кылмышкерлер жазадан качып кутула албасын — укук коргоо органдарында бардык керектүү техникалык каражаттар бар экенин баса белгиледи.
